Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнөдө 32 млн адам жакырланышы мүмкүн

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнөдө 32 млн адам жакырланышы мүмкүн

БУУнун өнүктүрүү программасы жарыялаган баяндамага ылайык, Жакынкы Чыгыштагы аскердик жаңжалдын экономикалык кесепеттеринен улам дүйнө жүзүндө болжол менен 32 млн адам жакырчылыктын чегине түшүп калышы мүмкүн.

Жакынкы Чыгыштагы уланып жаткан аскердик жаңжал 162 өлкөдөгү ондогон миллиондогон адамдарга коркунуч жаратууда. Өзгөчө коркунучта Перс булуңундагы өлкөлөр, Азия, Африка жана чакан арал мамлекеттери турат. БУУнун өнүктүрүү программасы белгилегендей, убактылуу ок атышпоо болгонуна карабастан, жаңжалдын кесепеттери "курч" фазадан "узакка созулган" фазага өтүүдө.

Бул абал канчалык узакка созулса, алсыз өлкөлөрдө жакырчылыктын тез өсүү коркунучу ошончолук жогорулайт — эң жаман сценарийде дагы 32 миллионго жакын адам жакырчылыкка туш болушу мүмкүн.

БУУнун өнүктүрүү программасынын администратору жана БУУнун башкы катчысынын орун басары Александр Де Кро "Согуш — бул өнүгүүнүн артка кетиши. Жаңжал бир нече жуманын ичинде өлкөлөр жылдар бою түзгөн жетишкендиктерди жок кылышы мүмкүн. Биздин талдоо көрсөткөндөй, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын кесепеттери түздөн-түз жабыркаган өлкөлөр менен эле чектелбейт — ал энергия жана азык-түлүк баасынын өсүшүнө туруштук бере албаган өлкөлөргө катуу сокку урат. Алар бүгүнкү бааларды кармап турууну же эртеңки саламаттык сактоо, билим берүү жана жумуш орундарын каржылоонун ортосунда тандоо жасоого мажбур болушууда. Бул кабыл алынгыс жана муну алдын алууга болот. Эрте чара көрүү абдан маанилүү",-дейт.

Жаңжалдын кесепеттерин жумшартуу үчүн уюм бир катар чараларды сунуштайт. Биринчи кезекте, аз камсыз болгон жана алсыз үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн максаттуу жана убактылуу акчалай төлөмдөрдү киргизүү сунушталат. Бул үчүн 6 млрд долларга чейин каражат талап кылынышы мүмкүн.

Ошондой эле электр энергиясы жана тамак-аш даярдоого керектелген газ үчүн убактылуу субсидиялар же ваучерлерди берүү сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Өлкөдө кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда. 2026-2027-жылга кант өндүрүүнүн планы - 79 миң тонна. Бул тууралуу Кумшекер класстеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө дагы 25 миң тоннага жакын запас бар. Ошентип, өндүрүш менен запасты кошкондо, жалпы көлөм 104 миң тонна болуп, бул 2027-жылдын

Ишкер Media
КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

Президент Садыр Жапаров кече Авазада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды. Мамлекет башчысы Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларус Республикасынын президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри менен биргеликте Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элдеринин улуттук ашканасы, салттары жана маданий мурастары менен таанышып чыгышты. Лидерлерге Кыргызстан,

Ишкер Media
Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Москва райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге автоунааларды пайдаланууда экологиялык талаптардын бузулушун аныктоо максатында рейд жүргүзүштү. Аталган министрликтин билдирүүсүнө караганда, рейддин жүрүшүндө Чүйдө автотранспорттон зыяндуу заттарды ашык чыгарган 7 факты аныкталып, жалпы 68 миң сом айып салынды.

Ишкер Media
Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Учурда өлкөдө кант кызылчасы жыйналууда. Бул жылы кант кызылчасы 11,8 миң гектар аянтка айдалып, учурда анын 4,1 миң гектарында түшүм жыйналды. Буга байланыштуу "Ишкер Медиа" түшүм жыйноого кеткен чыгымдарды жана дыйкандар туш болгон кыйынчылыктарды билүү үчүн жеринен кабар алды. Дыйкандардын айтымында, кант кызылчасын өстүрүүдө жерди иштетүүдөн

Ишкер Media