Кыргызстанда Чоңдорго билим берүү күнү белгиленди

Кыргызстанда Чоңдорго билим берүү күнү белгиленди

Бүгүн, 17-апрелде Чоңдорго билим берүү күнү Жогорку Кеңеште белгиленди. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, 17-апрелди Чоңдорго билим берүү күнү катары ар жылы белгилөө боюнча Жогорку Кеңештин тийиштүү токтому былтыр кабыл алынган.

Депутат Медер Чотоновнун жетекчилиги астында өткөн ишчарага Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард, DVV International жана Чоңдорду окутуу Кыргыз ассоциациясынын өкүлдөрү, билим берүү тармагынын эксперттери катышты.

Жыйында Медер Чотонов маалыматтык технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан шартта чоңдордун билим алуусу жана кесиптик квалификациясын жогорулатуусу, жарандардын жаш курагына карабастан жумушка орношуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Кылым- жаша, кылым- оку дегендей, билим алуу эч качан кеч эмес. Ар бир жарандын тынымсыз окуп, өзүн өстүрүүсү мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн чоң ролду ойнойт”, - деп белгиледи депутат Медер Чотонов.

Катышуучулар заман талабына жооп берген адистерди даярдоо, чоңдор үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана өмүр бою билим алуу принциптерин жайылтуу маселелерин талкуулашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында бул тармакты өнүктүрүүгө салым кошкон жарандарга Жогорку Кеңештин ыраазычылык каттары жана ар кандай сыйлыктар тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media