Кыргызстанда такси кызматын лицензиялоо 1-июнда аяктайт, оң рулдуу унааларга лицензия берилбейт

Кыргызстанда такси кызматын лицензиялоо 1-июнда аяктайт, оң рулдуу унааларга лицензия берилбейт

Кыргызстанда такси кызматын лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июнунда аяктайт. ЖКтин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитети тарабынан транспорттук такси кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар тарабынан КРнын автомобиль, транспорт жөнүндө мыйзам талаптарынын аткарылышы тууралуу маалымат угузулду.

КРнын Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баяндама жасап, женил автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердигин лицензиялоо маселеси улам кийинкиге жылдырылып олтуруп, 2026-жылдын 1-июнуна чейин созулгандыгын билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта лицензиялоо иши активдүү жүргүзүлүүдө.

Автоматташрытылган маалымат системасы аркылуу такси кызматы менен алектенген юридикалык жактарга 410 лицензия берилди жана жеке жактарга  15 миң лицензия берилди. Мындан сурткары 635 арыз каралып жатат. Ошону менен бирге 2026-жылдын 3 ай аралыгында автобус жана бус менен маршруттук такси кылган жеке жактарга 2061 жана юридикалык жактарга 20 лицензия берилди - деп билдирди Октябрь Урмамбетов.

ИИМ өкүлүнүн айтымында, такси кызматына лицензия берүү ишин жеңилдетүү максатында, Кабмин тарабынан токтом киргизилип, бир катар маалым каттарды алып салуу, ошондой эле онлайн лицензия берүү мүмкунчүлүгү каралууда.

Билдирүүгө караганда, лицензиянын наркы бир жылга 500 сомду түзөт. Аны алуу үчүн өлкө боюнча 78 атайын пункт иштеп жатат. Мындан сырткары, бир унаага эки айдоочуну каттоого уруксат берилет, ал эми оң рулдуу автоунааларга лицензия берилбейт.

Тартип сакчыларынын маалыматына ылайык, оң рулдуу автоунаалар катышкан жол кырсыктары олуттуу жоготууларга алып келүүдө.

Былтыр мындай кырсыктардан 160 адам каза болсо, быйылкы жылдын үч айында эле 27 адам көз жумган. Ушундан улам жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында оң рулдуу автоунаалар менен жүргүнчү ташууга мыйзам тарабынан тыюу салынаары белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media