Нарынга 2 сантиметр кар түштү
Нарын облусунун аймагына кар жаады. Облустун аймагындагы ашуу берлдерде жана унаа жолдорунда абал туруктуу. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык башкармалыгынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Нарын, Ат-Башы райондорунун аймагына 1-2 сантиметр кар жаады. Кызыл-Бел, Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт тилкелерине түнү менен кум-туз аралашмасы чачылып учурда кар ээрип жатат.
Ал эми Долон ашуусуна жана Кара-Үңкүр капчыгайына кар түшкөн эмес.