Кыргызстандагы эки жыл: Яндекс Goнун Тамагы - жеткирүү рыногун кантип өзгөртүп жатат

Кыргызстандагы эки жыл: Яндекс Goнун Тамагы - жеткирүү рыногун кантип өзгөртүп жатат

Яндекс Goнун Тамак сервисинин тарыхы Кыргызстанда 2024-жылдын март айында башталып, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жаңычылыкка айланган. Ал кезде тиркемеден Бишкектеги 20 ресторандан жана дүкөндөрдөн тамактардын тандоо сунушталчу. Бүгүнкү күнү ачык түстүү термобаштык көтөргөн курьерлер шаардын пейзажынын ажырагыс бөлүгүнө айланды. Ал эми кызматтын өзү, экинчи жылдыгын белгилеп, жеткирүүнүн форматынан ашып түшүп, көп функциялуу платформаны түздү.

Сандар өзү үчүн айтып турат 

Болгону эки жылдын ичинде кызмат олуттуу секирик жасады. Бишкекте ишке киргизилген долбоор улуттук масштабга чейин өстү. Бүгүн Яндекс Goнун Тамак сервиси республикабыздын - Ош, Манас, Кант жана Каракол шаарларында жеткиликтүү.

Кызматка: чакан кофеканалардан баштап ири эл аралык ресторандарга жана ритейлерге чейин -1000ге жакын өнөктөш туташкан. Сервис кыргыз жарандарынын табитине төп келди. Жылдык статистиканын сандары - өзү үчүн айтып турат. 

Акыркы бир жылдын ичинде буйрутмалардын саны таасирдүү 120% га өстү. Калктын жарымынан көбү, жашоочулардын 54% ушул убакыттын ичинде Яндекс Go тиркемесинин кызматынан жок дегенде бир жолу колдонушкан. Бул колдонуучулардын ишенимин айгинелеп турат.

Гипермаркет чөнтөктө 

Эгер башында бул кызмат көбүнчө кечки тамакка пицца же ролл буйрутма кылуу менен байланыштуу болсо, бүгүнкү күндө Яндекс Goнун Тамак сервиси дээрлик бардык күнүмдүк муктаждыктарды канааттандырып жатат. Колдонмо 12 товардын категориясы пайда болуп, аны толук кандуу санариптик гипермаркетке айлантты.

Күтүлбөгөн жерден кир жуучу айна түгөнүп калдыбы? Териге кам көрүүчү каражат, балаңызга жалаяк же шашылыш түрдө дары-дармек керекпи? Эми ушунун баарын бир виртуалдык себетке салсаңыз болот. “Бир терезе” стратегиясы эң башкысы - колдонуучунун убактысын үнөмдөп, ондогон тиркемелердин ортосунда которулуу же онлайн соода кылуу зарылдыгын жокко чыгарат. Ал эми Яндекс Плюска катталгандар үчүн күнүмдүк зарылдыктар акысыз жеткирүүнүн аркасында ого бетер пайдалуу болот.

Оффлайнга өтүү: кечти кайдан өткөрсө болот?

Оффлайнга өтүү сервистин өнүгүшүндөгү логикалык кадам болуп калды. Эми колдонмо шаар боюнча колдонуучуларды коштоп жүрөт: жаңы “Кайда баруу керек” бөлүмү жеке гастрономиялык гид катары иштейт.

Бишкекте эле 500дөн ашык мекеменин маалымат базасы кеңири карточкалар, чыныгы сын-пикир жана рейтингдер менен чогултулган. Акылдуу чыпкалардын аркасы менен жолугушуу жайын тандоо оңой болуп калды: бир нече чыкылдатуу менен улуттук ашканасы бар ресторанды, жандуу музыканы, балдар ойноочу бөлмөнү же орточо чекке эсептелген орунду таба аласыз. Ошондой эле, Яндекс Картасы аркылуу ресторанга баруучу маршрутту түзүүгө болот.

Мындан сырткары бул жакка социалдык механика - “Тандалгандар” функциясы кошулган. Колдонуучулар өздөрүнө жаккан жерлердин топтомун  түзүп, достору менен бөлүшө алышат. Бул функция айрыкча блогерлер үчүн ыңгайлуу. Ресторан ээлери үчүн бул бөлүм күчтүү трафик магнитине айланды: элдер тиркемеден эс алуучу жайды таап, андан кийин чыныгы конок катары келе алышат.

Курьерлер үчүн шарттар кандай өзгөрдү

Ар бир жеткирүүчү буйрутманын артында татаал логистика жана чыныгы адамдар турушат. Сервистин өсүшү – бул аны камсыздагандардын алдындагы жоопкерчилик. Яндекс Кыргызстан өнөктөш-курьерлер үчүн салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жоопкерчилигин өз мойнуна алуу менен ачык-айкындуулукка жана социалдык коргоого милдеттендирилди. Бул аларга медициналык камсыздандырууга, пенсиялык системага жана социалдык жөлөкпулдарга мыйзамдуу мүмкүнчүлүк берет.

Транспорттун өзү да өзгөрдү. 2025-жылы биринчи жолу Бишкекте Яндекс тарабынан атайын курьерлер үчүн иштелип чыккан, жеткирүүнүн реалдуулугуна ылайыкташкан 100дөн ашуун электровелосипеддер келген.

Анда айрыкча коопсуздук жана ыңгайлуулукка көңүл бурулган. Отургучтун түзулушү анатомиялык болгондуктан, курьерлер азыраак чарчашат. Велосипеддин рамасы алюминийден жасалган – бул анын салмагын азайтса, дөңгөлөктөрү кийим жана баштыктарды чачырандыдан коргоо үчүн кенен калкандар менен капталган. Ошондой эле велосипеддер смартфонду кубаттагыч модуль жана бир нече абалда бекитүүгө мүмкүн болгон - курьердин баштыгы үчүн текче менен жабдылган. Рулда жеңил, бирок көлөмдүү буйрутмалар үчүн илгичтер бар. Яндекстин электровелосипеддери менен жыл бою жүрө берүүгө болот. Электроникасы кынтыксыз жабылган.

Мындан кийин эмне болот?

Кийинки кадам - ​​жаңы шаарлар жана аймактар, товардын каталогун кеңейтүү жана алга жылуу инструменттерин өнүктүрүү. Сервис өнөктөштөргө жөн гана “каталогдо болууну” эмес, акылдуу жарнамалык механиканы колдонуп, суроо-талапты активдүү башкарып, өз бизнесин өстүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Бүгүнкү күндө Яндекс Goнун Тамак сервиси - бул жөн гана каалгада турган термобаштыкчан курьер эмес. Бул шаардык чөйрөнү заманбап, тез жана ыңгайлуу кылган, жергиликтүү бизнес менен тургундардын ортосундагы технологиялык көпүрө болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий

Ишкер Media
"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

Мамлекеттик салык кызматы Чек ара кызматы менен биргеликте "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүк ташууну аныктады. Бул тууралуу Салык кызматыны кабарлады. Маалыматка ылайык, текшерүүдө Mercedes-Benz Atego жүк унаасынан эсепке алынбаган товарлар табылган. Айдоочу эсеп-фактура жана коштомо документтерди көрсөтө алган эмес. Табылгандар товарлар - телефон каптары, аэрозолдор, чарбалык

Ишкер Media
ТИМ жана дипкорпус Панфилов мектеп-интернатына 300 миң сомдук жардам тапшырды

ТИМ жана дипкорпус Панфилов мектеп-интернатына 300 миң сомдук жардам тапшырды

1-октябрда Тышкы иштер министрлигинде Кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесинин жыйынтыгы боюнча жардам тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, иш-чарага ТИМ орун басары Кайрат Турсункулов, дипкорпустун дуайени, Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода жана К. Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын өкүлү А. Алымкулова катышты. Мектеп-интернатка 300 000

Ишкер Media
Чүйдө 35 тонна дизель төгүлүп, дарыя булганды

Чүйдө 35 тонна дизель төгүлүп, дарыя булганды

30-сентябрда Жайыл районунда 35 тонна дизель отунун ташыган автоцистерна жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кырсыктан улам отун төгүлүп, жер тилкеси мунайзаттары менен булганган. Дизельдин бир бөлүгү Кара-Балта дарыясына түшүп, суу объектисинин булганышына алып келген. Жооптуу юридикалык тарап аныкталды. Экологиялык мониторинг департаменти булганган

Ишкер Media