Баткенде 64 млн сомго бала бакча курулуп жатат

Баткенде 64 млн сомго бала бакча курулуп жатат

Курулуш министрлиги тарабынан Баткен районунун Жаңы-Достук участкасында 100 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу жүрүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 64 миллион сомду түзөт. Башкы планга ылайык, эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 988 чарчы метрди түзөт.

Учурда курулуш аянтчасында активдүү иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, эки кабаттын колонналары орнотулуп бүтүп, бетон куюу иштери уланууда.

Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты ар бир этапта текшерүүдөн өткөрүлүп, иштин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда.

Жаңы бала бакчанын курулушу аймактагы мектепке чейинки билим берүү инфраструктурасын жакшыртып, балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банктын Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда "Борбордук банктардын эл аралык резервдерди башкаруу процессиндеги фронт-офис, мидл-офис жана бэк-офис практикасы" темасында эл аралык тегерек стол өттү. Бул тууралуу бүгүн мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, иш-чараны Улуттук банк уюштуруп, модераторлук

Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Мамлекеттик туу көтөрүү салтанатына катышты. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Аземде Улуттук гвардиянын колбашчысы Мамлекет башчысына рапорт берди. Мамлекеттик гимн жаңырып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Өз сөзүндө президент Садыр Жапаров Мамлекеттик туу

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунда биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунда биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун курулушунун алкагында узундугу 209,6 метр болгон Кош-Дөбө №2 тоннелинин өтмөгү аяктады. Ал темир жол багытында өтмөгү толук аяктаган биринчи тоннель болду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда темир жол линиясындагы 28 тоннелде курулуш иштери жүрүп

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Үстүбүздөгү жылы республика боюнча негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору болуп, түшүм жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 467,5 миң гектар дан эгиндери жыйналып, бул жалпы пландын