Бишкектеги көчө убактылуу жабылмай болду
Бишкектеги Махатма Ганди (мурдагы Муромская) жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүктөрүн тартуу иштерине байланыштуу 14-ноябрдан 17-ноябрга чейин унаа кыймылы токтотулат.
Белгиленген убакыт аралыгында тиешелүү кызматтар тарабынан суу түтүктөрүн тартуу жана курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.
"Жарандардан каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү жолдорду пайдаланууну суранабыз", - дешти мэриядан.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу