Чолпон-Атада лыжа базасы жана 100 орундуу оорукана курулат
Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында өлкө лидери Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы жана аймактагы инфраструктуралык долбоорлор тууралуу маалымат алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Чолпон-Ата шаарында жана бир катар айылдарда саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу пландалууда.
Мындан тышкары, шаарда жана Ананьево айылында ар бири 100 орунга ылайыкталган 2 оорукана куруу каралган.
Аймакта туризмди өнүктүрүү максатында 2,6 млрд сомдук тоо лыжа базасын куруу жана Кес-Сенирде аквапарк ачуу долбоорлору да сунушталган.
Аталган долбоорлор аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана жергиликтүү тургундардын жашоо шарттарын жогорулатууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу