Ошто 467 миң сомдук алтын буюмдарын уурдоого шекелген кыз кармалды

Ошто 467 миң сомдук алтын буюмдарын уурдоого шекелген кыз кармалды

Ош шаарында алтын буюмдарын уурдоого шектелген 2008-жылы туулган кыз кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү Ноокат районунун Бел айыл аймагынын тургуну. Ал Ош шаарындагы Авиценна атындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде убактылуу жашап жүргөн.

Ал чогуу жашаган аялга таандык, жалпы баасы 467 миң 245 сомдук алтын буюмдарын уурдаган деп шектелүүдө.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү менен тергөө амалдары жүргүзүлүп, окуянын жагдайлары такталууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

КРнын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Кыргызстанда 2,5 млрд сомдук калдыктарды кайра иштетүүчү ишкана иштеп жатат

Өлкөдө илимий уюмдардын каржылык өз алдынчалыгы кеңейтилет

Бишкектеги көчө убактылуу жабылмай болду

Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан бошотулду