Токтогул көчөсүндө велосипед жолу курулууда

Токтогул көчөсүндө велосипед жолу курулууда

Бишкектин Токтогул көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн И. Айдарбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө велосипед жолун уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 13-ноябрда мэриядан кабарлады.

Маалым болгондой, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан жол белгилери чийилип, велосипед жолун негизги унаа жолунан бөлүп турган атайын бөлгүчтөр орнотулууда.

Бул иштер жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жогорулатууга, шаар ичинде жүрүүнү ыңгайлуу жана коопсуз кылууга, ошондой эле борбор калаада велосипед инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жалпы узундугу 77 чакырымды түзгөн велосипед жолдору бар.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан бошотулду

Чолпон-Атада лыжа базасы жана 100 орундуу оорукана курулат

Кыргызстанга климаттык долбоорлор үчүн 30 млн доллар бөлүндү

Ысык-Көлдө 63 ишкана ачылып, 2 154 жумуш орду түзүлдү

Чүйдө мыйзамсыз аңчылык үчүн жаранга айып салынды