Бишкекте шаар күнүнө карата фонтандар ишке киргизилет

Бишкекте шаар күнүнө карата фонтандар ишке киргизилет

Бишкекте шаар күнүнө карата фонтандар ишке киргизилет. 29-апрелде борбор калаанын негизги фонтан комплекстери расмий түрдө иштей баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Учурда “Тазалык” муниципалдык ишканасы фонтандарды ишке киргизүүгө даярдык көрүүдө. Анын алкагында техникалык жабдуулар текшерилип, фонтан табактары тазаланып, системалар суу менен толтурулуп жатат.

Шаар күнүнөн тарта Бишкектин тургундары жана коноктору төмөнкү фонтан комплекстерине кайрадан суктана алышат:
— Ала-Тоо аянтындагы фонтан;
— Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы фонтан;
— Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы фонтан;
— Ататүрк паркындагы фонтан;
— “Революция күрөшчүлөрүнүн” фонтаны;
— Токтогул көчөсүндөгү фонтан.

Муниципалдык ишкана шаар инфраструктурасын жакшыртуу жана жашоочулар менен коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында иштерди улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү

Улуттук банк Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү

9-сентябрда Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Лейлек районунун жана Раззаков шаарынын тургундары үчүн "Финансылык сабаттуулук" боюнча көчмө лекция өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле

Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын айтышы башталды

Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын айтышы башталды

Таласта Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралар "Манас Ордо" улуттук комплексинде төкмө акындардын өнөр таймашы менен башталды. Иш-чарада 16 төкмө акын өз өнөрүн тартуулап, Талас өрөөнүнүн тургундарына жана аймакка келген конокторго чыгармачылыгын сунушташты. Төкмө акындардын таймашынын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт. Мааракелик иш-чаралардын

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

DemirBank'та "Өз пайыздык чениңди танда" акциясы уланууда, ал кардарларга онлайн-насыянын чендерин өздөрү аныктоого мүмкүндүк берет. 2026-жылдын 31-октябрына чейин банктын мобилдик тиркемеси аркылуу өтүнмө бергенде, кардар жылына 0% дан 19,99% га чейинки ченди тандай алат. Тиркемеде ченди тандагандан кийин, анын жактыруу ыктымалдыгы көрсөтүлөт.

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү чет өлкөлүк жарандарга сатууда жер тилкесин тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Улугбек Ормонов иштеп чыгышкан. Документ коомдук талкууга чыгарылды.  Долбоорго ылайык, чет өлкөлүк жаранга имарат, үй же башка кыймылсыз мүлк сатылган учурда, анын алдындагы жер тилкеси сатуучу тарабынан акысыз