Чоң-Кеминде 103 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Чоң-Кеминде 103 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Кемин районунда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагындагы мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2013-жылы Чоң-Кемин жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан өндүрүштүк база жана ага тиешелүү 1 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде аталган объекттер мамлекетке кайтарылды. Жалпы наркы 103 млн 243 миң сомду түзгөн турак үй жана 1 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке өткөрүлдү.

Башкы прокуратура мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштер улантыларын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү

Улуттук банк Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү

9-сентябрда Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Лейлек районунун жана Раззаков шаарынын тургундары үчүн "Финансылык сабаттуулук" боюнча көчмө лекция өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле

Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын айтышы башталды

Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын айтышы башталды

Таласта Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралар "Манас Ордо" улуттук комплексинде төкмө акындардын өнөр таймашы менен башталды. Иш-чарада 16 төкмө акын өз өнөрүн тартуулап, Талас өрөөнүнүн тургундарына жана аймакка келген конокторго чыгармачылыгын сунушташты. Төкмө акындардын таймашынын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт. Мааракелик иш-чаралардын

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

DemirBank'та "Өз пайыздык чениңди танда" акциясы уланууда, ал кардарларга онлайн-насыянын чендерин өздөрү аныктоого мүмкүндүк берет. 2026-жылдын 31-октябрына чейин банктын мобилдик тиркемеси аркылуу өтүнмө бергенде, кардар жылына 0% дан 19,99% га чейинки ченди тандай алат. Тиркемеде ченди тандагандан кийин, анын жактыруу ыктымалдыгы көрсөтүлөт.

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү чет өлкөлүк жарандарга сатууда жер тилкесин тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Улугбек Ормонов иштеп чыгышкан. Документ коомдук талкууга чыгарылды.  Долбоорго ылайык, чет өлкөлүк жаранга имарат, үй же башка кыймылсыз мүлк сатылган учурда, анын алдындагы жер тилкеси сатуучу тарабынан акысыз