Бишкектин айрым аймактарында убактылуу ысык суу берилбейт

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу ысык суу берилбейт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Мэриядан мындай чектөө жылуулук тармагындагы бузулган жерди аныктоо жана оңдоо иштерине байланыштуу киргизилгенин түшүндүрдү.

Төмөнкү даректерде жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу чектелет:

  • Асанбай кичи району: 4, 3, 2, 2/1, 8, 9, 8/3, 8/1, 10, 11, 13, 2а, 15а, 15, 14, 17, 17/1, 3в, 18, 19, 2123/2, 22, 23, 29, 28, 25, 27;
  • Токомбаев көчөсү: 53/1г, 53/3, 53/1б.
"Бузулган жерди оңдоо иштерин бүгүн күн ичинде аяктоо пландалууда", - дешти мэриядан.

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы шаар тургундарынан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Орусиялык дарыгерлер Ошто татаал операцияларды жасашты

Бишкектин 4 районунда айыл чарба жарманкеси өтөт

Кыргызстанда 10 млн долларлык брондолгон автоунаа өндүрүшү түзүлөт

Чүй токой аңчылык чарбасында заманбап көчөт кана курулат

Касымалиев эл аралык коомчулукту Ысык-Көлдү сактап калууга багытталган фонд түзүү демилгесин колдоого чакырды