Баткенде өрүк бышып, Казакстан жана Орусияга экспорттолууда
Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак айылында өрүктүн эрте бышуучу сорттору бышып, түшүм жыйноо башталды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, багбан Толубай Жалилов өткөн жылы 20 гектар жерди өздөштүрүп, анын 7 гектарына өрүк бак тиккен. Быйыл алгачкы түшүм мол болуп, жемиштер жыйналууда.
Т.Жалилов Түркиядан “Фуего”, “Приция” жана “Микадо” сортторун алып келип өстүргөн. Учурда жыйналган түшүм Казакстан жана Орусияга экспорттолууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу