Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

2026-жылдын 1-майынан баштап, Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас (ички авиа каттамдарында авиабилеттердин баасын координациялоо системасы киргизилет. Мындай чечим “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун ички авиакомпаниялар Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU ортосунда өткөн жолугушуунун натыйжасында кабыл алынган.

“Кыргызстандын аэропорттору" ААКнун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара түшүнүшүү жана баа түзүүгө бирдиктүү мамиле кылуу жөнүндө макулдашууга жетишишкен.

Бекитилген параметрлерге ылайык Бишкек-Ош маршруту боюнча авиабилеттердин баасы эрте брондоодо 3 800 сомдон башталып, ошол эле учурда учуу алдындагы акыркы күндөрдө максималдуу баа 5 900 сомдон ашпайт. Бишкек-Манас (“Жалал-Абад” аэропорту) маршруту боюнча баштапкы баасы 3 500 сомду, ал эми максималдуу баасы – 5 500 сомду түзөт. 

Авиакомпаниялар өз тарабынан белгиленген чектик баалардан ашырууга жол берилбестигин ырасташты. 

Мамлекеттик авиаташуучу “Asman Airlines”  мындан да жеткиликтүү баа саясатын кармана тургандыгы өзгөчө белгиленди. Билдирүүгө караганда, Бишкек-Ош багыты боюнча максималдуу баа 5 500 сомду, Бишкек-Манас багыты боюнча 4 100 сомду түзөт. 

Мындан тышкары окуңуз

ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор аткарылууда

ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор аткарылууда

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) аймактык директору Хаммад Зафар Хундал жана Банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Министрликтин маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын: учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы демилгелерди даярдоо жана КР үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча

Ишкер Media
Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт

Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Климат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук диалогдо сөз сүйлөдү. Иш-чара Климат жана жаратылыш боюнча улуттук жумалыкты жыйынтыкталышына жана Климат жана биологиялык ар түрдүүлүк маселелери боюнча эл аралык конференцияларга карата Кыргыз Республикасынын

Ишкер Media
Балык уулоого арналган жемдин арасынан кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылды

Балык уулоого арналган жемдин арасынан кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы жана КРнын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен өз ара аракеттенүүдө MDMA (экстази) психотроптук затын мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишмердигине бөгөт койду. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө - Бишкек

Ишкер Media
Салык төлөөчүлөр жеке кабинеттеги маалыматты кантип коргой алат?

Салык төлөөчүлөр жеке кабинеттеги маалыматты кантип коргой алат?

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Жеке кабинеттеги маалыматтарын коргоого чакырды. Билдирүүгө караганда, жеке кабинетте жарандардын жеке маалыматтары, салыктар, төлөмдөр жана отчеттуулук тууралуу маанилүү маалыматтар сакталып турат. Аталган маалыматтардын коопсуздугун коргоо үчүн: * логин жана сырсөздү башка адамдарга бербөө; * татаал жана ишенимдүү сырсөз колдонуу; * сырсөздү мезгил-мезгили менен жаңыртып туруу сунушталат. Салык кызматынын

Ишкер Media