Салык кызматынын өкүлдөрү корпоративдик духту чыңдооодо

Салык кызматынын өкүлдөрү корпоративдик духту чыңдооодо

Чолпон-Ата шаарында Салык кызматынын кызматкерлеринин арасында жыл сайын өткөрүлүүчү спартакиада болууда. Бул спорттук иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан, борбордук аппараттан, “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинен жана башка ведомстволук түзүмдөрдөн келген Салык кызматынын кызматкерлеринин 12 курама командасы катышууда.

Салтанаттуу ачылыш аземи кече Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өткөн.

Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Нурлан Маманов жана Нурлан Максутов куттуктоо сөздөрүн айтышып, бул ишчара корпоративдик духту чыңдоодогу, дене тарбияны өнүктүрүүдөгү жана кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтуудагы маанилүүлүгүн белгилешти.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, спартакиада 2–3-май күндөрү өткөрүлүп, анда салык кызматынын өкүлдөрү: волейбол, мини-футбол, шахмат, үстөл тенниси, аркан тартыш, тогуз коргоол, бильярд жана жеңил атлетика сыяктуу спорттун сегиз түрү боюнча күч сынашууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыш мезгилинде жолдордо үзгүлтүксүз кыймылды камсыздоо тапшырмасы коюлду

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды