Манас шаарында бетон өндүрүүчү жана таш майдалоочу завод ишке кирет

Манас шаарында бетон өндүрүүчү жана таш майдалоочу завод ишке кирет

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликовдун колдоосу менен инвесторлордун мыйзамдуу иш алып баруусуна шарттар түзүлүүдө. Бул аракеттер Манас шаарына инвесторлорду тартуу жана ишкердик чөйрөнү өнүктүрүү максатын көздөйт. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, жалпы көлөмү 7,5 миллион долларды түзгөн инвестициянын негизинде Манас шаарында бетон өндүрүүчү жана таш майдалоочу ири завод ишке кирүү алдында турат.
Завод ишке киргенден кийин таштарды майдалап, аларды 5 фракцияга бөлүп сорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Өндүрүштөн чыккан материалдар жол курулушунда, темир жол жана тоннель курууда кеңири пайдаланылат.

Ишкана заманбап жабдуулар менен толук камсыздалып, ишке кирсе 100дөн ашуун жергиликтүү тургунду туруктуу жумуш орундары менен камсыз кылат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды