Кыргызстан менен Орусия энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулашты

Кыргызстан менен Орусия энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулашты

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Новак менен жолукту.

Жолугушууу Амелгелдиевдин Орусияга болгон сапарынын алкагында уюштурулганын МинКабдан билдиришти.

Тараптар сүйлөшүүлөрдө кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, айрыкча энергетика жана санариптештирүү тармактарындагы кызматташууну талкуулашты.

Данияр Амангелдиев кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле, ал кыргыз тараптын аныкталган демилгелерди ишке ашыруу үчүн активдүү, биргелешкен күч-аракеттерге даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Александр Новак биргелешкен демилгелерди алга жылдырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелер боюнча эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун ишин жандандырууну макулдашты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде наркы 265 миллион сомду түзгөн мектептин курулушу жүрүүдө

Чалдовар – Кайыңды аралыгындагы темир жол өтмөгү убактылуу жабылат

"Ала-Тоо Резорт" ири долбоорунун экономикалык пайдасы кандай?

Кыргызстан - Болгария түз аба каттамдарын ачуу боюнча талкууланды

Айыл чарбасындагы илимий мекемелерге 179 млн сомдук техника алынды