Нарында жүн жана тыбыт экспорттогон ишкана ачылды

Нарында  жүн жана тыбыт экспорттогон ишкана ачылды

Нарында койдун жүнүн жана топоздун тыбытын экспорттой турган “Теңир-Тоо Экспорт” деп аталган компания ачылды. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган компания койдун жүнүн, топоздун тыбытын жана башка мал чарбасынан алынган чийки заттарды кабыл алып, экспортко жөнөтүү ишин баштады. Долбоордун ишке ашуусу менен акыркы жылдары пайдаланылбай же баа болбой талаага ташталып калган жүндөрдү кайрадан иштетүүгө жана калктан сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Учурда жүн кабыл алуу иштери башталып, баалар сапатына жараша болууда. Маселен, кара жүндүн килосу 15 сомдон жогору, ак жүн 40 сомдон өйдө, ал эми топоздун тыбыты 200 сомдон жогору бааланууда. 


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жанаYouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 42 курулуш объектиси текшерилди

Ошто 5200 орундуу заманбап спорттук комплекс курулат

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу 98 % аяктады

Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды

Айыл чарба министрлигинде 1000 күндүк планды ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү