Депутаттар Ысык-Көлдүн жээгин тазалоо акциясына катышышты

Депутаттар Ысык-Көлдүн жээгин тазалоо акциясына катышышты

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түп жана Ысык-Көл райондоруна барып, көл түбүн жана жээгин тазалоо акцияларына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгач Төрага Жогорку Кеңештин жана Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары, ошондой эле жаштар менен бирге Ысык-Көлдүн жээгин тазалашты.
Андан соң суу астына түшүп, көлдүн флорасы жана фаунасы үчүн коркунуч жараткан түбүндөгү таштандыларды алып чыгышты.

Бүгүнкү акциянын максаты Ысык-Көлдү тазалоо менен экологиялык көйгөйлөрдү алдын алууну көздөй тургандыгын айткан Төрага жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырып: “Ысык-Көлдү таза сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү жалпыбыздын милдетибиз. Өз жерин, өз элин сүйгөн адам мындай кыянатчылыкка барбашы керек”, – деди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media