Бишкек мэринин Свердлов районундагы жолугушуусу 6 саатка созулду

Бишкек мэринин Свердлов районундагы жолугушуусу 6 саатка созулду

Күн мурун Кыргыз-Орус Славян университетинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин Свердлов районунун тургундары менен жолугушуусу өттү. Жолугушуу 6 сааттан ашык убакытка созулду.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, шаар мэри жолугушууларда көтөрүлгөн маселелер боюнча протокол жүргүзүлүп, анын негизинде иш-чаралар планы даярдаларын билдирди. Анда аткаруу мөөнөттөрү, жооптуу адамдар жана каржылоо булактары аныкталат.

Жолугушууга райондун 400гө жакын тургуну катышты. Анда турак жай-коммуналдык чарба, транспорт, балдар аянтчаларын куруу, башкы план, жер мунапысы жана башка маселелер көтөрүлдү.

Айбек Джунушалиев жеринде эле орун басарларына жана тиешелүү кызматтарга маселелерди сапаттуу чечүү жана ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Свердлов районунун тургундары менен дагы бир жолугушуу 12-май күнү саат 16:00дө Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинде өтөт. Дареги: Широкая көчөсү, 1а.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн