Дүйнөлүк банк жана SECO Кыргызстандагы инвестициялык реформаларды колдойт

Дүйнөлүк банк жана SECO Кыргызстандагы инвестициялык реформаларды колдойт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) өкүлдөрү жана Дүйнөлүк банктын тобу менен жолугушуу өткөрдү.

Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстандын инвестициялык саясатынын учурдагы багыттары жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды. Тараптар өлкөнүн чет өлкөлүк жана ички инвесторлор үчүн жагымдуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле 2026-2030-жылдарга карата инвестициялык саясатты өнүктүрүү стратегиясы каралып, анын негизги артыкчылыктуу багыттары жана инвестиция тартуу механизмдери талкууланды.

Мындан тышкары, экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук агенттиктин кызматкерлери үчүн тренингдерди уюштуруу, окутуу курстарын өткөрүү жана инвестициялар тармагындагы мыйзамдык базаны жакшыртуу боюнча консультациялык жана техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашуулар жетишилди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн