Ошто Барпы Алыкулов мектебине 1200 орундуу жаңы корпус курулууда

Ошто Барпы Алыкулов мектебине 1200 орундуу жаңы корпус курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы мектепке 1200 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик казынанын эсебинен каржыланып, аймактагы мектеп тартыштыгын жоюуга багытталган.

Башкы план боюнча мектептин жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзүп, 4 кабаттуу 5 блоктон турат. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгек жана компьютердик класстар, ошондой эле спорт зал каралган.

Учурда курулуш иштери эки нөөмөттө жүргүзүлүп, объектте 87 жумушчу эмгектенүүдө.

Белгилей кетсек, учурдагы мектеп 1987-жылы курулган. Азыркы тапта анда 2000ге жакын окуучу билим алат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 528 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Чүйдө мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай тазаланды

Жетекчилер Бишкек ЖЭБде жыйын өткөрүштү

Ашууларда жолдор ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз

Жогорку Кеңеште тамак-аш коопсуздугу боюнча комиссиянын жыйыны өттү