Күйүүчү майга болгон салыкты азайтуу сунушталды

Күйүүчү майга болгон салыкты азайтуу сунушталды

Кыргызстанда бензин менен дизелдин баасын кымбаттатпай кармоо үчүн салыктарды убактылуу азайтуу сунушталды. Министрлер кабинетинин долбоору коомдук талкууга чыкты.

Маалыматка таянсак,  15-майдан 30-сентябрга чейин Аи-92 бензинине кошумча нарк салыгын 8% чейин түшүрүү сунушталууда. Ал эми дизелдик күйүүчү майга аны таптакыр эле жоюп салуу каралууда.

Мындан тышкары, бензинге болгон акциз салыгын да азайтуу сунушталды. Азыр Аи-92 бензининин ар бир тоннасына 5 миң сом акциз төлөнсө, аны 3 миң сомго чейин түшүрүү каралып жатат. Дизелдик күйүүчү майдын акциз салыгын болсо төрт айга толугу менен алып салуу сунушталууда.
Өкмөт бул чаралар менен күйүүчү майдын баасын туруктуу кармап, өлкөдө бензин менен дизелдин тартыштыгына жол бербөөгө аракет жасоодо. 

Ошондой эле өкмөт айрым мунай жана мунай продуктуларын Кыргызстанга автоунаа менен ташып келүүгө коюлган чектөөлөрдү убактылуу алып салууга барганы жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media