Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычында эс алуучуларга шарт түзүлөт

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычында эс алуучуларга шарт түзүлөт

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына шарттар түзүлөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Орунбековдун маалыматына караганда, буга чейин жеке адамдар тейлөө кызматтарын көрсөтүп, жетиштүү деңгээлде шарты жок болчу. 

“Президент Садыр Нургожоевич өзү келип көрүп, тийешелүү мамлекеттик органдарга элге жана туристтерге шарт түзүп, көркүнө келтиргиле деген тапшырма берди”, - дейт маалымат катчы. 
“Алдыңкы жылдары эң алдынкы туристтик жайга айланат. Афрейм үйлөр, ресторандар, сейилдеп жүрчү жолдор курулат”, деп кошумчалды Орунбеков.

Эске салсак, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы 1965-жылы курулган. Чүйдөгү айыл чарба талааларын сугарууга мааниси зор болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө