Азык-түлүк программасы аркылуу Кыргызстанга 910 тонна азык-түлүк алынып келинди

Азык-түлүк программасы аркылуу Кыргызстанга 910 тонна азык-түлүк алынып келинди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкө боюнча аялуу үй-бүлөлөрдү колдоо максатында Россия Федерациясы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу берилген азык-түлүк жардамы келип түшкөнүн маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы “ Эмгекке, окууга азык-түлүк” долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында көрсөтүлүүдө.

Долбоорлордун катышуучулары ирригациялык системаларды жана ичүүчү суу менен камсыздоо тармактарын калыбына келтирүү, дарыя жээктерин бекемдөө, ошондой эле климаттык тобокелдиктерди азайтуу жана жердин деградациясын алдын алуу үчүн бак-дарактарды отургузуу иштерине катышууда. Бул долбоорлор алыскы жамааттардагы инфраструктураны жакшыртып, табигый кырсыктарга жана климаттык тобокелдиктерге даярдыкты күчөтүү менен катар, жумуш менен камсыз болууга жана өз алдынча эмгектенүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Министрликтин Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларына буга чейин 910 тонна азык-түлүк жеткирилди. Жакынкы күндөрү кошумча түрдө 120 тонна өсүмдүк майынын келиши күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media
Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Ош шаарынын күнүнө карата өткөн жолугушууда Өзбекстандын Андижан облусу Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана боордош шаарлардын өкүлдөрү катышты. Көчөттөрдү Андижан облусунун акиминин орун басары Махамаджон Нишанов тапшырды.

Ишкер Media
Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media