Бийик тоолу аймактардагы 29 миң адам жөлөк пул алат

Бийик тоолу аймактардагы 29 миң адам жөлөк пул алат

2026-жылдын 1-майына карата республика боюнча “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөк пулунун алуучуларынын жалпы саны 28 538 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөк пулу бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө макамга ээ айрым чек арага жакын калктуу конуштарда жашаган жарандарды (үй-бүлөлөрдү) мамлекеттик колдоо максатында дайындалат.

Жөлөк пул:
– үчүнчү жана андан кийинки балдарга;
– алуучу 3 жашка чейинки бала (балдары) менен чогуу жашаган шартта дайындалат.

Жөлөк пул дайындоодо үй-бүлөнүн кирешеси жана социалдык-экономикалык абалы эске алынбайт.

Жөлөк пул алуу үчүн жарандар жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрылуусу зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media
Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Ош шаарынын күнүнө карата өткөн жолугушууда Өзбекстандын Андижан облусу Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана боордош шаарлардын өкүлдөрү катышты. Көчөттөрдү Андижан облусунун акиминин орун басары Махамаджон Нишанов тапшырды.

Ишкер Media
Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media
Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Кыргызстанда алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Джонс болду. Ачылыш аземде мэр Жанарбек Акаев мындай ири спорттук иш-

Ишкер Media