Түркстандык дыйкандар чет өлкөлүк помидорлордон улам банкрот болуу коркунучунда

Түркстандык дыйкандар чет өлкөлүк помидорлордон улам банкрот болуу коркунучунда

Казакстандын Түркстан облусундагы фермерлер арзан импорттук помидорлордун көбөйүшүнөн улам ири чыгымга учурап, айрымдары өздөрүн банкрот деп жарыялоого даяр экенин билдиришти. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар маалымдады.

Айрыкча Сарыагаш районундагы күнөскана ээлеринин абалы оор. Бул аймакта 400 гектар жерге жакын аянтта эки миңге чукул дыйкан чарба помидор өстүрөт. Бирок дыйкандардын айтымында, Кытай жана Түркмөнстандан ташылып келген арзан продукция жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү атаандаштыкка туруштук бере албай турган абалга кептеди.

Алардын бири Нурсултан Куанышбаев учурда кампасында 15 тонна помидору сатылбай жатканын билдирди.

“Соода токтоп калды. Бардык жактан продукция келип жатат. Алардын помидору биздикине караганда арзан. Азыр 15 тонна помидорум өтпөй турат. Бир жумада чирип кетсе, мен толук банкрот болом. Кеткен чыгым 25 миллион теңгеге жетти”- дейт Куанышбаев.

Учурда Шымкент базарларында кытайлык помидорлордун баасы килограммына 350 теңгеден сатылууда. Ал эми жергиликтүү помидорлордун баасы орто эсеп менен 550 теңгени түзөт. Дыйкандардын айтымында, дал ушул 200 теңгелик айырма сатып алуучулардын назарын импорттук товарга бурууда. Күнөскана ээлери жергиликтүү помидорду өстүрүү ири чыгымды талап кыларын айтышууда.

“Бир гектар күнөскананы камсыз кылууга болжол менен 500 тонна көмүр кетет. Ар бир жумушчуга 250-300 миң теңге айлык төлөнөт. Мындан тышкары жер семирткич, дары-дармек жана кымбат электр энергиясы бар. Натыйжада казакстандык помидордун өздүк баасы 450-460 теңгеге чыгат” – дейт күнөскана ээси Бауыржан Абылкасымов.

Ал эми Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин өкүлдөрү рынокто баа атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керектигин белгилеп, биринчи кезекте керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгы эске алынарын айтышууда.

Министрликтин маалыматына караганда, импорттук помидорлор жалпы рыноктун болгону 7% түзөт. Ошол эле учурда ведомство жергиликтүү фермерлер калктын муктаждыгын толук камсыздап, бааны туруктуу кармоого кепилдик берсе, сунуштарды карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Азырынча дыйкандар кампадагы помидорлорду сатып, жок дегенде чыгымдарын жабууга аракет кылышууда. Алардын айтымында, эгер карыздарын төлөй алышпаса, кийинки сезондо көпчүлүк күнөсканалар ишин токтотушу күтүлөт.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media