Жети-Өгүздө 110 млн сомго бала бакча курулууда

Жети-Өгүздө 110 млн сомго бала бакча курулууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылында 140 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигини басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 110 миллион сомду түзөт. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылууда.

Башкы планга ылайык, жалпы аянты 1268 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу, 3 блоктон турган имарат курулууда. Учурда курулуш иштеринин 46 пайызы аткарылып, ички курулуш-монтаждоо иштерин баштоо алдында турат.

Жаңы бала бакчада балдардын тарбиялык сабак өтүүчү, уктоочу жана дарыгердин бөлмөлөрү заманбап шартта жабдылат. Ошондой эле азык-түлүк сактоочу кампасы, ашкана, оюн бөлмөлөрү жана музыкалык-гимнастикалык сабактар өтүүчү залдар каралган.

Долбоор аймактагы социалдык инфратүзүмдү жакшыртууга жана бөбөктөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка өлкө башчысы кол койду. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү катары иш алып барат. Ошондой эле Жарлыкка ылайык, ага 2026-жылдын 31-декабрына чейин Министрлер

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасына барып, капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана жаңы алынган атайын техникалар менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1978-жылы курулган автобаза имараты көп жылдар бою капиталдык оңдоодон өтпөй, анын техникалык жана өндүрүштүк базасы эскирип калган.

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бийик тоолуу жайлоолорго кар жаап, айрым аймактарда кардын калыңдыгы 20 сантиметрге чейин жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өзгөчө Арпа өрөөнүндө калың кар түшүп, жайлоодогу малчылардын ишине кыйынчылык жаралган. Айрым маалыматтар боюнча, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам мал арасында жоготуулар да каттала баштаган.

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун жаңы муунун калыптандырууга багытталган "Жаш кадрлар мектеби" долбоорунун катышуучулары менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаштардын орду, мамлекеттик кызматка кесипкөй кадрларды тартуу жана келечектеги лидерлерди даярдоо маселелери талкууланды. Улан Маматканов бүгүнкү күндө Кыргызстан