“Беш-Бурхан” кенинен 900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда

“Беш-Бурхан” кенинен 900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан “Беш-Бурхан” көмүр шахтасына барып, өндүрүштүк иштердин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр шахтанын өндүрүштүк кубаттуулугу, көмүр казуу процесси, коопсуздук чаралары, жер астындагы тоо-кен иштери жана өндүрүш инфраструктурасынын абалы боюнча маалымат алды. Ошондой эле көмүр өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана аймактын өнөр жай потенциалын кеңейтүү маселелери талкууланды.

Кен Ош облусунун Ноокат районунда жайгашып, жалпы 317,2 гектар аянтты камтыйт. Анын ичинен 7 гектар жер өндүрүштүк аянтча катары бөлүнгөн. Геологиялык маалыматтарга ылайык, кендин жалпы көмүр запасы 42,225 миллион тоннаны түзөт.

Долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бардык чыгымдар инвестор тарабынан каржыланып, баштапкы этапта 25 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартылган. Бул каражаттар шахтанын инфраструктурасын түзүүгө, жер астындагы өндүрүш иштерин жүргүзүүгө жана заманбап техникаларды тартууга багытталган.

Техникалык долбоорго ылайык, келечекте жылына 900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда. Долбоор ишке толук кубаттуулукта киргенден кийин жергиликтүү тургундар үчүн 80 жаңы жумуш орду түзүлөт.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Кыргызстанда алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Джонс болду. Ачылыш аземде мэр Жанарбек Акаев мындай ири спорттук иш-

Ишкер Media
Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак

Ишкер Media
Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media
Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектиси көзөмөлгө алынып, азыр объектте мурда казылган котлованды жабуу жана аймакты талапка ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун алдын алуу

Ишкер Media