Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн өстүрүү тартиби мыйзамдаштырылды

Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн өстүрүү тартиби мыйзамдаштырылды

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ 2026-жылдын 15-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты — Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн өндүрүү, кайра иштетүү жана туруктуу пайдалануу үчүн укуктук негиз түзүү.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эми жеке жана юридикалык жактар валериана, шалфей, шафран, ферула, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ромашка, лаванда жана башка дары өсүмдүктөрүн айыл чарба ыкмасы менен өстүрүүгө мыйзамдуу укук алышат.

Мыйзамда айрым чектөөлөр дагы каралган. Тактап айтканда, аконит өсүмдүгүн турак жайларга жана социалдык объекттерге жакын аймактарда өстүрүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле жапайы дары өсүмдүктөрүн айыл чарба шартында өстүрүүгө уруксат берилип, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мындай объекттерин пайдалануу үчүн акы алынбай турганы белгиленди.

Мындан тышкары, мыйзам менен айыл чарба тармагына инновациялык технологияларды киргизүү, жаңы сортторду жана гибриддерди чыгаруу, дары өсүмдүктөрүн селекциялык-генетикалык ыкмалар менен өстүрүү маселелери да камтылган.

Документте мамлекеттик колдоонун негизги багыттарынын бири катары үрөн чарбасын өнүктүрүү жана дары өсүмдүктөрүн өстүрүү көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн