Бишкектеги көчөдө тышкы жарыктандыруу системасы жаңыланууда

Бишкектеги көчөдө тышкы жарыктандыруу системасы жаңыланууда

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Гоголь көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тышкы жарыктандыруу системасын жаңылоо жана орнотуу боюнча пландуу иштерди жүргүзүүдө.

Билдирүүгө караганда, ишкананын кызматкерлери көчөнүн чыгыш тарабындагы монтаждоо иштерин толугу менен аякташты.

Учурда адистер экинчи этапка өтүп, көчөнүн батыш тарабына жарык берүүчү мамыларды орнотуу жана заманбап чырактарды монтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Мэриядан кабарлангандай, аталган иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, кечки убакта жөө адамдар үчүн көрүнүүнү жакшыртууга жана борбор калаанын тургундары менен конокторуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу пландалууда

Улуттук банк коммерциялык банкка 65 миң сом айып пул салды

Лейлек РЭТ күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аяктады

Бишкектеги ыш кайдан чыгат жана аны кантип азайтууга болот?

Жасалма интеллект жергиликтүү малдын тукумдарын изилдөөгө жана сактоого жардам берет