Ош шаарынын башкы планы боюнча талкуу болду

Ош шаарынын башкы планы боюнча талкуу болду

19-майда Ош шаардык мэриясынын имаратында Ош шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын талкуулоо боюнча алгачкы жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Курулуш министрлигинин өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. 

Комиссиянын отурумунда комиссия түзүү боюнча чечим кабыл алынып, Ош шаардык мэриясы менен Курулуш министрлигинин ортосунда ар тараптуу колдоо боюнча келишим түзүлдү. Ошондой эле буга чейинки башкы планга карата келип түшкөн сунуш-пикирлерди кароо да талкууланды. 

Башкы план боюнча кийинки отурум июнь айында болот. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк 12 алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып салды

Кыргызстанда биринчи жолу электр тармактарында чыңалууну өчүрбөстөн оңдоо иштери жүргүзүлдү

Кыргызстан менен Казакстан соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Нарында 137 млн сомдук мектептин курулушу 90% аяктады

Бишкекте көркөм гимнастика боюнча жарышка 130дай өкүл катышты