Сауд Арабиясы тарабынан Кыргызстандагы аялуу катмардын өкүлдөрүнө жардам берилди

Сауд Арабиясы тарабынан Кыргызстандагы аялуу катмардын өкүлдөрүнө жардам берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Сауд Арабия Падышалыгынан келген гуманитардык жардамды – социалдык жактан аялуу калк катмарына 48 тонна 720 кг курма тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси мырза Ияд бин Гази Хаким, ошондой эле Король Салмандын гуманитардык жардам жана колдоо борборунун өкүлдөрү катышты.

Гуманитардык жардам карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, анын ичинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына, ошондой эле райондук социалдык коргоо башкармалыктары аркылуу социалдык жактан аялуу жарандарга жана үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.

Бул долбоор Король Салмандын гуманитардык жардам жана колдоо борбору тарабынан ишке ашырылып, Сауд Арабиясынын Кыргызстанга көрсөткөн системалуу гуманитардык колдоосунун бир бөлүгү болуп саналат.

Бул демилге кыргыз-сауд мамилелеринин достук мүнөзүн жана тараптардын гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон берилгендигин тастыктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак

Ишкер Media
Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media
Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектиси көзөмөлгө алынып, азыр объектте мурда казылган котлованды жабуу жана аймакты талапка ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун алдын алуу

Ишкер Media
Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө турат. Санитардык-карантиндик пункттар

Ишкер Media