Интернаттар жана карылар үйлөрүнө мамлекеттик колдоо күчөтүлөт

Интернаттар жана карылар үйлөрүнө мамлекеттик колдоо күчөтүлөт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев калктын аялуу катмарына социалдык колдоону күчөтүүгө багытталган тескемеге кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Чечимге ылайык, мамлекеттик органдар эми балдар интернаттарына, ошондой эле улгайган жарандар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган стационардык мекемелерге туруктуу көзөмөл жана шефтик жардам көрсөтөт.

Мындан ары министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор өздөрүнө бекитилген социалдык мекемелердин муктаждыктарына мониторинг жүргүзүп, ыкчам жардам көрсөтүү үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

Тескемеге ылайык, ведомстволордун жетекчилери жыл сайын борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү жана демөөрчүлүк колдоо көрсөтүү үчүн бюджеттик же бюджеттен тышкаркы каражаттарды кароого милдеттүү болот.

Бул каражаттар социалдык мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана анда жашаган жарандар үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө багытталат.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдар жетим балдарды социалдаштырууга көмөктөшүп, ден соолугун көзөмөлдөө жана өзгөчө камкордукка муктаж жарандардын эс алуусун уюштуруу боюнча дагы колдоо көрсөтөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкек ЖЭБи туруктуу иш алып барууда

Бишкекте "Борбор Азия – Кытай" конференциясы өтүүдө

Амир Кунакуновдун өлүмү: ӨКМдин үч жетекчиси кызматтан алынды

Төө-Ашууда жүк ташыган унааларга коюлган чектөө алынды

Кыргыз-беларусь биринчи аймактар аралык форумунда бир катар документтерге кол коюлду