Төө-Ашууда жүк ташыган унааларга коюлган чектөө алынды
11-ноябрда саат 11:00дөн тарта Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.
Буга чейин, 11-ноябрда саат 06:00дөн тартып Сосновка постунан баштап убактылуу чектөө киргизилгени кабарланган.
Чектөө аба ырайынын шарттарына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарынын алдын алуу максатында коюлган.
Маалым болгондой, учурда чектөө алынып, оор жүк ташуучу унаалардын каттамына кайрадан уруксат берилди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу