Кыргыз-беларусь биринчи аймактар аралык форумунда бир катар документтерге кол коюлду

Кыргыз-беларусь биринчи аймактар аралык форумунда бир катар документтерге кол коюлду

10-ноябрда Минск шаарында кыргыз-беларусь биринчи аймактар аралык форуму болуп өттү. Бул туурасында Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Форумдун ачылышында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жана Беларусиянын премьер-министринин орун басары Александр Терехов сөз сүйлөштү. 

Белгилүү болгондой, анда эки мамлекеттин Өкмөт башчыларынын расмий өз ара сапарларынын жүрүшүндө тараптардын Аймактар аралык форумун өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилгени, ал демилгелер бүгүнкү күндө иш жүзүнө ашырылганы белгиленди.

Акунбеков кыргыз тарап аймактар аралык кызматташтыкты эки тараптуу алакалардын маанилүү багыты катары караарын, жалпы милдет — 2030-жылга чейинки соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картанын артыкчылыктуу багыттарына шайкеш келген конкреттүү долбоорлор менен толуктоо экендигин билдирди.

Ошол эле учурда, ал ар бир аймактын өзгөчөлүктөрүн жана экономикалык адистешүүсүн эске алуу менен, аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча Кыргызстанда мамлекеттик программалар ишке ашырылып жатканын айтты.

МинКаб төрагасынын орун басары беларусь ишканаларын биргелешкен долбоорлорго дагы активдүү катышууга чакырды.

"Урматтуу эки мамлекеттин аймактык жетекчилери, болгон мүмкүнчүлүктөрдү иш жүзүнө ашыруу, сиздердин демилгеңиздерден көз каранды. Форумда түзүлгөн байланыштарды сактап калуу, жооптуу өкүлдөрдү дайындоо, ошондой эле так мөөнөттөрү жана күтүлгөн натыйжалары көрсөтүлгөн кызматташуунун пландарын иштеп чыгуу зарыл. Ушуга байланыштуу, Кыргызстандын аймактык бийлик органдарына — беларусиялык кесиптештери менен биргеликте — кызыкдар ишканаларды аныктоону, биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн ылайыктуу жайларды караштырууну жана далилдүү сунуштардын долбоорун даярдоону тапшырам", — деди Акунбеков. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Беларусиянын аймактар аралык өнөктөштүгү буга чейин жетишилген келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылып келет.

Форумдун жыйынтыгында Кыргызстан менен Беларусь аймактары ортосунда бир катар документтерге:

  • Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө келишимге;
  • Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга;
  • Кызматташтык келишимин ишке ашыруу боюнча 2027–2028-жылдарга иш-аракеттер планына;
  • Соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2027–2029-жылдарга иш-аракеттер планына ("Жол картасы");
  • Бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө меморандумга;
  • Экономика, соода, маданият, билим берүү жана туризм тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2027–2029-жылдарга карата жол картасына кол коюлду.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Амир Кунакуновдун өлүмү: ӨКМдин үч жетекчиси кызматтан алынды

Төө-Ашууда жүк ташыган унааларга коюлган чектөө алынды

Равшанбек Сабиров Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводго барды

4 жылда Кыргызстан менен Беларусиянын өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 эсеге өскөн

Мамлекеттик сатып алуулар жана билим берүү жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди