Ошто күн энергиясы менен иштеген көчө чырактары пайда болушу мүмкүн

Ошто күн энергиясы менен иштеген көчө чырактары пайда болушу мүмкүн

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев Кытай Эл Республикасынын жарыктандыруу тармагындагы компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жолугушууга шаар мэриясынын тышкы байланыштар, инвестиция жана туризм, социалдык өнүгүү, шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө бир катар долбоорлорду талкуулашты. Алардын бири — “Светлый район” долбоору болду. Анын алкагында кытайлык компания өз каражатына Ош шаарынын көчөлөрүнө жана коомдук жайларына күн энергиясы менен иштеген заманбап жарыктандыруу системаларын орнотууга даяр экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, компания монтаж иштерин, керектүү жабдууларды жана материалдарды толугу менен өзү камсыздап, долбоор ишке киргенден кийин техникалык тейлөө жүргүзүүнү дагы пландап жатат.

Мындан тышкары, жолугушууда “Кооз шаар” программасынын алкагында шаарды көрктөндүрүү, жарыктандыруу жабдууларын жана курулуш материалдарын жеткирүү, жол куруу жана инфраструктуралык долбоорлорго катышуу маселелери дагы каралды.

Ошондой эле эл аралык долбоордун негизинде Ош шаарында кытайлык адистер тарабынан акысыз медициналык жардам көрсөтүү пландалып жатканы айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media