Балдарга паспорт алуу тартиби жеңилдеди

Балдарга паспорт алуу тартиби жеңилдеди

Президент Садыр Жапаров 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуу тартибин жеңилдеткен мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эми Кыргызстан ичинде балага жалпы жарандык паспортту ата-энесинин биринин арызы менен эле алууга мүмкүн болот. Буга чейин айрым учурда эки тараптын макулдугу талап кылынып келген.

Ал эми чет өлкөдө паспорт алуу үчүн мурдагыдай эле ата-эненин экөөнүн тең макулдугу керек болот. Эгер алардын бири каршы болсо, маселе сот аркылуу чечилет.

Мындан тышкары, өзгөчө же аскердик абал маалында мөөнөтү өтүп кеткен балдардын паспортун узартууга уруксат берилет. Мындай чечимди Министрлер кабинети кабыл алат.

Мындан тышкары окуңуз

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө турат. Санитардык-карантиндик пункттар

Ишкер Media
Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media