Садыр Жапаров көчмөндөр оюндарына даярдыктарды текшерди

Садыр Жапаров көчмөндөр оюндарына даярдыктарды текшерди

Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги бөлүгү өтө турган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы жана Кырчын жайлоосундагы инфратүзүмдүк даярдык иштерин текшерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалыматка ылайык, салынып жаткан айланма жолдон жана ички жолдорду оңдоп-түзөө иштеринен кабар алып, көчмөндөр оюндары өтө турган объектилерди көрүп чыкты.

Ошондой эле Мамлекет башчысы Ысык-Көл акваториясын кыдырып, өзүнүн тапшырмасы менен узак убакыттан бери жүргүзүлүп келген көлдөгү браконьерлик менен күрөшүү иштеринин жыйынтыгына көңүл бурду.
Жетишилген ийгиликтер менен кошо көлгө салынган балык торлору, ошондой эле ар кандай таштандылар дагы деле чыгып жаткандыгын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаровдун бул пландан тышкаркы текшерүүсүнүн жыйынтыгында министрлик жана ведомстволорго тийиштүү тапшырмалар берилмекчи.

Мындан тышкары окуңуз

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө турат. Санитардык-карантиндик пункттар

Ишкер Media
Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media