Күйүүчү майдын баасын мамлекет көзөмөлгө алат

Күйүүчү майдын баасын мамлекет көзөмөлгө алат

Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтыруу боюнча жаңы токтом кабыл алды.

Жаңы чечимге ылайык, 25-майдан 30-сентябрга чейин мамлекет бензин, дизель жана суюлтулган газ импортун субсидиялайт. Өкмөт бул кадам күйүүчү май тартыштыгын алдын алып, баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө үчүн жасалып жатканын билдирди.

Ошондой эле импорттолгон күйүүчү майга туруктуу баалар бекитилип, базар баасы менен айырманы мамлекет төлөп берет.

Мындан тышкары:

Бензин жана дизель боюнча акциздик төлөмдөрдү кечиктирип төлөөгө уруксат берилет;

күйүүчү майдын чекене баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилет;

мунай продукцияларын автоунаа менен алып кирүүгө болгон айрым чектөөлөр алынат.

Бийлик бул чаралар өлкөдөгү күйүүчү май рыногун туруктуу кармап, бизнес менен жарандарга жеңилдик түзөрүн айтууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды