Туристтик объекттердин санитардык абалына мониторинг жүргүзүлдү

Туристтик объекттердин санитардык абалына мониторинг жүргүзүлдү

Саламаттык сактоо министрлиги 2026-жылдагы жайкы туристтик сезонго комплекстүү даярдык көрүү иштерин жүргүзүп, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукка, ичүүчү суунун сапатына жана туристтик инфраструктуранын эс алуучуларды кабыл алууга даярдыгына өзгөчө көңүл бурууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, даярдык иштеринин Саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, аймактык санэпидкөзөмөл борборлорунун жана тиешелүү кызматтардын адистери менен биргеликте Чүй жана Ысык-Көл областтарына иш сапарларды жасады.

Мониторингдик иш-чаралар жай мезгилинде туристтердин агымы жогору болгон Кемин, Токмок, Балыкчы шаарларын, ошондой эле Ысык-Көл районун камтыды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз балын Сауд Арабиянын рыногуна экспорттоо маселеси көтөрүлдү

Улуттук банк 12 алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып салды

Кыргызстанда биринчи жолу электр тармактарында чыңалууну өчүрбөстөн оңдоо иштери жүргүзүлдү

Кыргызстан менен Казакстан соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Нарында 137 млн сомдук мектептин курулушу 90% аяктады