Чоң-Алайда жогорку түшүмдүү жүгөрү үрөнү алгачкы жолу эгилди
Чоң-Алай районунда тоют базасын чыңдоо жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында Германиянын KWS компаниясынын жогорку түшүмдүү КВС КАШМИР (FAO 390) сортундагы жүгөрү үрөнү алгачкы жолу эксперимент катары эгилди.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жүгөрү райондун жогорку, ортоңку жана ылдыйкы зоналарындагы жалпы 3,5 гектар аянтка себилди.
Адистердин маалыматына ылайык, бул гибрид жогорку түшүмдүүлүгү, кургакчылыкка туруктуулугу жана тоют багытында пайдаланууга ылайыктуулугу менен айырмаланат. Анын түшүм потенциалы 150 центнерге чейин жетери айтылууда.
Демилге Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М. Шамыркановдун тапшырмасынын негизинде тиешелүү адистер тарабынан ишке ашырылууда.