Өлкөдөгү мал союучу жайлар текшерилди

Өлкөдөгү мал союучу жайлар текшерилди

Курман айт майрамына карата республиканын бардык аймактарындагы мал союучу жайларда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралууу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мониторингдин жүрүшүндө мал союучу жайларга киргизилген малдардын кулак биркаларынын, ветеринардык коштоочу күбөлүктөрүнүн жана тиешелүү документтеринин бар-жогу текшерилди. Документтери жана биркалары жок малдарды союучу жайларга киргизүүгө тыюу салынып, мал ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы жарандарды азык-түлүк коопсуздугуна жана коомдук саламаттыкка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат. 

Малдарды союуга алып келүүдө кулак биркаларынын жана ветеринардык коштоочу документтердин толук болушу милдеттүү экендиги эскертилди.

Мындан тышкары окуңуз

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон Алышбаев  көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдаады. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Алышбаев көчөсү Карасаев көчөсүнөн баштап Чечерин көчөсүнө чейинки аралыгында узундугу 1 чакырым метр болгон жаңы эки тилкелүү асфальт жол курулат. Мындан тышкары, көчөнүн эки тарабына

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальт басуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жолдо асфальттын экинчи  катмарын төшөө иштери кызуу жүрүп, 2 чакырымына асфальт басылып бүттү.  Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап, Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамычалары

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди. Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү тескемеге парламент төрагасы Марлен Маматалиев кол койду. Белгилей кетсек, Наталья Никитенко V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле төраганын орун басарлык милдетин дагы аткарган.