16 млн сомдук баңгизаттын таралышына бөгөт коюлду

16 млн сомдук баңгизаттын таралышына бөгөт коюлду

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Россия Федерациясынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлгөн масштабдуу эл аралык атайын операциянын натыйжасында, Россиядан Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын жеткирүү боюнча туруктуу трансулуттук канал токтотулду.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, операцияны ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети,Мамлекеттик Бажы кызматы, ошондой эле Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы жана Россия Федерациясынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын катышуусу менен уюштурган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кылмыштуу топ "Telegram" мессенджери аркылуу психотроптук заттарды ташып кирүү жана жайылтуу схемасын уюштурган. Баңгизаттарды сатуу "закладка" деп аталган ыкма менен, байланышсыз жүргүзүлгөн.

Бишкек шаарынын аймагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Мамлекеттик бажы кызматы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте эл аралык баңги тармагынын катышуучуларынын бири, 2005-жылы туулган Э.А.М. кармаган.

"Hyundai Grandeur" үлгүсүндөгү автоунааны тинтүү учурунда төмөнкүлөр табылып алынган. Жалпы салмагы 3 килограммга жакын психотроптук зат камтылган үч брикет, жалпы салмагы 18 граммга жакын ак кристалл зат камтылган 21 пакет, баңгизаттарды таңгактоочу жабдыктар (ZIP-пакеттер, электрондук тараза, изолента).

Психотроптук заттар автоматтык өткөргүч кутучанын конструктивдүү бөлүктөрүндө кылдаттык менен жашырылган, бул кылмыштуу схеманын катышуучуларынын жогорку деңгээлдеги конспирация жана кылдат даярдыгынын көрсөтөт. 

Бишкекте жүргүзүлгөн иш-чара менен бир учурда Москва шаарында Россиянын Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан атайын операция өткөрүлгөн. Анда кызматкерлер тарабынан 1996-жылы туулган, баңгизат жөнөтүүчү деп шектелген Л.Ю.А. кармалган. Тинтүү жүргүзүү учурунда анын жанынан Москва шаарынын аймагында таратуу үчүн арналган 700 граммга жакын кооптуу психотроптук заттар алынды. 
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бүт партия сатылса, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кирешеси 16 миллион сомдон ашык болушу мүмкүн.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Бишкекте кармалган жаран тыюу салынган заттарды алуу, сактоо, таңгактоо жана "закладка" системасы аркылуу андан ары таратуу функцияларын аткарган. Ыкчам кызматкерлер тарабынан аныкталгандай, кылмыштуу иш үчүн төлөм криптовалюта аркылуу жүргүзүлгөн. 

Учурда эл аралык баңги тармагынын калган мүчөлөрүн, ошондой эле кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоо каналдарын аныктоого багытталган кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media