Айыл чарба тармагын санариптештирүү маселелери талкууланды

Айыл чарба тармагын санариптештирүү маселелери талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде агрардык секторду санариптик трансформациялоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жыйын министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгы алдында өтүп, ага министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук мекемелердин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө санариптик платформаларды өнүктүрүү, тармактык маалыматтарды натыйжалуу башкаруу жана айыл чарбадагы маалыматтык системаларды интеграциялоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси тарабынан "РАӨБ Паспорту" жана Idyikan санариптик платформаларынын мүмкүнчүлүктөрү сунушталып, аларды өнүктүрүү жана башка мамлекеттик системалар менен интеграциялоо боюнча маалымат берилди.

Мындан тышкары, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттиги АИС "АГРОМАП" маалыматтык системасын тааныштырып, анын агрардык тармакта мониторинг жүргүзүү жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алууну колдоо мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.

Жыйындын жыйынтыгында жооптуу бөлүмдөргө сунушталган санариптик системаларды өнүктүрүү жана аларды мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграциялоо боюнча деталдуу план иштеп чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, объект жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, мектептин курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 226 млн сомду түздү. Жаңы мектеп заманбап талаптарга