Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жол-жоболору боюнча жыйын өтүүдө
Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча улуттук комитеттеринин (СЖЖУК) 15-аймактык жыйыны өтүүдө.
Маалым болгондой, иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Азербайжандын мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдарынын, эксперттик коомчулугунун жана жеке секторунун өкүлдөрү катышууда.
Жыйында экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов аймактык кызматташтыкты чыңдоонун, административдик тоскоолдуктарды жоюунун, чек арадан өтүү убактысын кыскартуунун жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Ошондой эле улуттук комитеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн аймактык форматын түзүү демилгеси GIZ уюмунун колдоосу менен кыргыз тараптан көтөрүлгөнүн баса белгиледи.

Ал Кыргызстандын кагазсыз соодага өтүү боюнча Улуттук жол картасы БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) Катчылыгы тарабынан жогору бааланып, аймактагы башка өлкөлөр үчүн алдыңкы тажрыйбанын үлгүсү катары сунушталганын маалымдады.
Катышуучулар сооданы жана бажы администрациясын санариптештирүү, электрондук документтерди киргизүү, eCMR жана eTIR системаларын өнүктүрүү, ошондой эле жасалма интеллектти колдонуу маселелерин талкуулашууда.

Мындан тышкары, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, жүк ташууга кеткен чыгымдарды жана убакытты кыскартуу, аймактык сооданы кеңейтүү, мамлекеттик жана жеке секторлордун өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо маселелери каралууда.