Ала-Букада 98 млн сомго жаңы мектеп курулду

Ала-Букада 98 млн сомго жаңы мектеп курулду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылында 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Билим берүү мекемесинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 98 миллион сомду түздү.

Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1246 чарчы метрди түзөт. Анда окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттар каралган.

Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылынан тарта мектепте эки нөөмөт менен 600гө жакын окуучу билим алат.

Курулуш иштеринин жүрүшү Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөндү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде турак жайды камсыздандыруу түшүндүрүлдү

Улуттук банк “Флэш Пэй” компаниясынын лицензияларын үч айга токтотту

"Чакан ГЭС" электрозаряддоо станцияларын көбөйтүүдө

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жол-жоболору боюнча жыйын өтүүдө

Базар-Коргондо 7 скважинаны ишке киргизүү пландалууда