Азык-түлүк баалары: Кыргызстанда кайсы товарлар кымбаттады?

Азык-түлүк баалары: Кыргызстанда кайсы товарлар кымбаттады?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 28-майга карата Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда өткөн жумада сабиздин баасы 3%га жогорулап, эң көп кымбаттаган азык-түлүк болуп калды. Ошондой эле тазаланган күн карама майы, буудай уну, эт, жумуртка, күрүч жана нан азыктарынын бааларында бир аз өсүш байкалган.

Ал эми картошканын баасы 4,4%га төмөндөп, эң көп арзандаган товар болду. Мындан тышкары сүт, баш пияз жана кумшекердин баасы да төмөндөгөн.

Коңшу Казакстанда күрүч менен сүттүн баасы жогоруласа, каймак майы, ун, жумуртка, макарон азыктары, картошка, сабиз жана өсүмдүк майынын баасы төмөндөгөнү катталган.

Россияда болсо баш пияз, картошка, сабиз жана кумшекер кымбаттаган. Ошол эле учурда жумуртка, кой эти, каймак майы, ун, сүт жана өсүмдүк майы арзандаган.

Министрлик азык-түлүк рыногундагы бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүү улантылып жатканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, объект жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, мектептин курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 226 млн сомду түздү. Жаңы мектеп заманбап талаптарга