Таластагы мектеп курулушунан 4,2 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Таластагы мектеп курулушунан 4,2 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Талас облусунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Айтматов районундагы Айтбаев атындагы орто мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери аткарылбаган курулуш иштерин мыйзамсыз кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен.

Натыйжада подряддык уюмга негизсиз түрдө 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражат төлөнүп берилгени аныкталган.

Аталган факты боюнча Талас облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде турак жайды камсыздандыруу түшүндүрүлдү

Улуттук банк “Флэш Пэй” компаниясынын лицензияларын үч айга токтотту

"Чакан ГЭС" электрозаряддоо станцияларын көбөйтүүдө

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жол-жоболору боюнча жыйын өтүүдө

Базар-Коргондо 7 скважинаны ишке киргизүү пландалууда